20 апрель 2024

Кароолор: 26

СЕЛДЕН БОЛГОН КӨЙГӨЙЛӨР ЧЕТТЕТИЛДИ

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө Кырдаалдар министрлигинин Аксыдагы бөлүмүнүн адисттеринин билдиргенине караганда  2024-жылдын 15-16-апрель күндөрү Аксы районунун Сары-Челек, Кара-Камыш жана Ак-Жол айыл аймактарында жааган жамгырдын кесепетинен селден улам сайлардан кум- шагылдар түшүп Кара-Жыгач -Кызыл-Көл авто унаа жолун үч жеринен каттоого кыйынчылык жаратып калган. Мындан сырткары Сары-Челек айыл аймагында 2 турак-үйдүн огород- участкаларына сел суулары кирген.  2024-жылдын 16-апрель күнү Аксы райондук Жарандык коргонуу кызматтары тарабынан ыкчам чара көрүлүп түзүлгөн кырдаал жөнгө салынды..

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан 1 даана экскаватор жана 1 даана автосамосвал, ДЭП-12 ишканасынан 1 даана грейдер, Сары-Челек айыл аймагынан 1 даана экскаватор жана Ак-Жол айыл аймагынан 1 даана экскаватор тартылып, жергиликтүү тургундарга шарт түзүлүп берилди. Кырсыктардан сак болүңуздар.