06 май 2024

Кароолор: 34

СЕЛДЕН ӨЛГӨН СЕРКЕЛЕР

            Май айынын жаанчыл болуп жатышы Аксы районунун элине бир топ эле түйшүктөрдү жаратууда 6-майдын түнүндө катуу жааган жамгырдан улам Ак-Жол айыл аймагына караштуу Таштак айылында жалгыз бой келин Айгүл Мамырбекованын үйүнүн айланасын сел каптап, үйдүн жанындагы короого элдин эчкилерин алган бадачы Дөөлөталы Бейшебаев эчкилерди камап коюп кароосуз калтырып кеткен. Түндө жамгырда эчкилер короодон чыгып атканага кирген, бирок ал жерди сел каптап 76 эчки өлгөн. Жакшы кудай сактап адам өмүрүнө зыян келбеген. Учурда Өзгөчө Кырдаалдар министрлигинин Аксыдагы бөлүмүнүн адисттери   селдин кесепттерин жоюу чараларын көрүп, чыгымдарды эсептешүүдө. Ак-Жол айыл аймагынын башчысы Болот Абылаев кырсык бологон жерде алгачкы жардамдарды уюштурууда. Дагы жамгыр жаашы күтүлүүдө. Сак бололу. Кырсык каш менен кабактын ортосунда. Өлгөн эчкилерди көмдүрүп, сел жүргөн үйдүн айланасы тазалалоого аракеттер көрүлүп жатат деп Ак-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы билдирди.