23 апрель 2024

Кароолор: 15

СЕЛДЕН САК БОЛОЛУ

Өзгөчө Кырдаалдар министрлигинин Аксыдагы бөлүмүнүн маалыматына таянсак 2024-жылдын 22-апрель күнү саат 17:30 чамасында жааган жамгырдын кесепетинен Аксы районуна караштуу Кербен шаарынын Жаӊы-Айыл участкасындагы колоттордон топтолуп келген сел келген, суу  М.Султанкуловдун  огород участкасын каптап өтүп, пескоблоктон курулган болжол менен  10 метр аралыктагы  короо тосмосун бузуп кеткен. 

Мындан сырткары  Жаӊы-Айыл участкасындагы  жолдун жээгинде жайгашкан "Кудайкул-Ата"  дүкөнүнө суу кирип кеткен.

 Ошондой эле Үч-Коргон айыл аймагынын Жыл-Кол участкасында да сел жүргөн, алдын ала көрүлгөн аракеттерден улам дыйкандарга анчалык зыян келтирилбеген.

Тартылган күч-каражаттар:  Аксы райондук ӨКБнөн   Мазда БТ-50 маркасындагы атайын куткаруучу авто унаасы менен  лейтенант Б.Акматбековдун  жетекчилигинде   2 куткаруучу,  1 даана мотопомпа күзөттө турат. 

Адам өмүрүнө жана мал жандыка зыян келтирилген эмес.  19:40та тазалоо иштери аяктады.

Куткаруучулар туруктуу жайгашкан ордуларына келишти. Учурда райондун аймагында абал туруктуу.