24 апрель 2024
Кароолор: 30
СЕЛДЕН ЖАБЫРКАГАН АЙМАКТАР БАР, КАЛЫБЫНА КЕЛТИРҮҮ УЛАНТЫЛУУДА

2024-жылдын 23-апрель күнү саат 19:30 чамасында Аксы районунун Кара-Камыш, Ак-Суу жана Сары-Челек айыл аймагынында жааган жамгырдын кесепетинен:,Кара-Камыш айыл өмөтүнүн Жүзүмжан айылында Эшме-Сай селканасынан шагыл-таш аралаш сел суулары түшүп, №12-Жол тейлөо ишканасынын карамагындагы Кара-Жыгач – Сары-Челек автожолун 3 чакырымында шагыл-таштарды үйүп, жол каттамына кыйынчылыктар жаралды..
Жүзүмжан айылынын Бөктөр участкасында колоттордон келген сел суулары түшүп Топ-Жангак – Кара-Суу автожолунун 3 чакырымын шагыл-таштар аралаш сел суулары каптап калган. Ошону менен бирге жолдун төмөн жагында кооптуу аймакта көчүүгө сунушталып, коопсуз жайга көчүп кеткен Садыров Кыдырмыштын бош калган огород участкасына таш-шагыл аралаш сел калдыктары каптап, андан ашып өткөн сел суулары төмөӊ жагында жайгашкан Көлмө айылындагы ички чарбалык арыктарды шагыл-таштарга толтуруп, ашып өткөн сел суулары Чотонова Умсунайга таандык турак жайынын короосун тоскон цемент тосмосун жыгытып өтүп, 7 турак жайдын огород участкаларын сел суулары каптаган.
Адам өмүрүнө, турак-жайларга жана кошумча курулуштарына зыян келтирилген эмес.
Жүзү-Жан айылындагы колоттон түшкөн сел суулары Жүзү-Жан айылындагы болжол менен 40 кожолукка баруучу ички чарбалык жолду 500 метр аралыгында сел суулары каптап, айрым жерлерине шагыл таштарды үйүп жол каттамы токтоп калган. Мындан сырткары жолго катарлаш жайгашкан 3 турак жайга: Ыманкулов Нуркандын гаражын жана огород участкасын, Шереманов Өмүрбайдын огород участкасын жана Ыманкулова Мейликандын огород участкасын сел суулары каптаган.
Жаны-Айыл участкасында колоттордон келген шагыл-таш аралаш сел суулары 40 метр аралыгында ички чарбалык жолду каптап, жол каттамына кыйынчылыктар жаралган.
Тартылган күч-каражаттар күнү түнү күзөттө болуу менен селдин кесепеттерин четтетишүүдө. Аксы райондук ӨКБнөн 2 куткаруучу, 1 мотопомпа, 1 айдооч МАЗДА БТ-50 атайын куткаруучу автоунаасы менен селдеин кесепеттерин жоюу иштеринде иштеп жатат.
Кара-Камыш айыл өкмөтүнөн 2 бирдик автожүктөгүч. 1-бирдик автожүктөгүч. Кара-Камыш айыл өкмөтүнөӊ 5 кызматкер.
Аткарылган иш-чаралар: Эшме-Сай селканасынан шагыл-таш аралаш сел суулары түшүп, №12-ЖТИнын карамагындагы Кара-Жыгач – Сары-Челек автожолун 3 чакырымын сел суулары каптаган жерди сүрүп тазалоо жумуштарына 1 бирдик автожүктөгүч тартылып, жолду тазалоо иштери башталды.
Сары-Челек айыл өкмөтүнүн Кызыл-Туу айылынын Батырбек участкасында колоттордон келген кум-шагыл аралаш сел суулары түшүп, Кара-Жыгач-Сары-Челек автожолун 3 жеринен сел суулары каптап өткөн. Жол каттамы кыйынчылык менен өтүүдө.
Авлетим айылында Токол-Эчки сайынан топтолуп келген сел суулары Токол-Эчки сайынан түшүп, сайга катарлаш жайгашкан ички чарбалык жолдун бетин жууп, кээ бир жерлерин оюуп кеткет, жол каттамы токтогон эмес.
Адам өмүрүнө, турак-жайларга жана кошумча курулуштарына зыян келтирилген эмес. Тартылган күч-каражаттар: Сары-Челек айыл өкмөтүнөн 3 кызматкер. №12-ЖТИнан 1 бирдик автожүктөгүч.
Аткарылган иш-чаралар: Кызыл-Туу айылынын Батырбек участкасында колоттордон келген кум-шагыл аралаш сел суулары түшүп, №12-ЖТИнин карамагындагы Кара-Жыгач-Сары-Челек автожолун 3 жеринен сел суулары каптап өткөн жерди сел калдыктарынан тазалоого №12-ЖТИнан 1 бирдик автожүктөгүч тарлып, тазалоо иштери жүргүзүлдү. Учурда тазалоо иштери аяктап, жол каттамы тоскоолдуксуз өтүүдө. 2024-жылдын 24-апрель күнү эрте менен жол кенейтүү иш чараларына 1 бирдик автожүктөгүч тартылат.
Ак-Суу айыл аймагында Орус-Өлдү жана Балапан сайларынан сел суулары түшүп, №38-ЖТИнын карамагындагы Кызыл-Жар 12 – Ак-Суу автожолдун 5000 метр аралыгында жолдун бетин сел суулары жууп, 15 чакырымынан 21 чакырымына чейинки аралыкта сел суулары агып өтүүчү автожолго орнотулган 3 темир бетон шакекчелерин агызып кеткен.
Учурда сел келген жерлердин баарында калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Түнү менен айыл аймак башчылары, Өзгөчө кырдаалдардын Аксыдагы бөлүмүнүн кызматкерлери, техникалары, №12- жол тейлөо мекемесинин техникалары сел кесепеттирн четтетүудө тынымсыз иштеп жатат. Бардык итштин жүрүшү райондун жетекчиси Замирбек Сыдыковдун көзөмөлүндө. Тийиштүу жардамдар берилүүдө.