26 май 2024
Кароолор: 27
СЕЛДИН КЕСЕПЕТТЕРИ ЧЕТТЕТИЛҮҮДӨ

Учурда Кара-Камыш айыл аймагынын Кара-Суу айылындагы мурдагы айыл өкмөттүн кеңсесинде селдин кесепеттерин четтетүү боюнча атайын штаб акимдин орун басары Айсылкын Салиеванын, акимдин биринчи орун басары Бердалы Мырзагуловдун жетекчилиги менен иштеп жатат. Райондогу мекеме ишканалардан, кесиптик лицейлерден, токой чарбалардан атайын топтор түзүлүп учурда Кара-Камыш айыл аймагына кетип жатышат. Алгачкылардан болуп Аксы токой чарбасынын, райондук элге билим берүү бөлүмүнүн, райондук финансы башкармалыгын, райондук РЭСтин, айыл аймактын адамдарынын топтору тазалоо иштерин баштап калышты. Жардамга келүүчүлөр улам көбөйүүдө. Кудай буйруса бүгүн бардык жерлер тартипке келтирилет.