26 октябрь 2024

Кароолор: 22

СЕРГЕК ЖАШОО ӨЗҮҢДӨН

Аксы районунун мамлекеттик администрациясы   Кыргыз Республикасынын Президентинин Админ истрациясынын 2024-жылдын 7-октябрындагы №18-8946 сандуу тапшырмасына ылайык кат жолдоп, жарандардын арасында сергек жашоо ыңгайын жайылтуу, дене тарбия жана спортту өнүктүрүү максатында футзал боюнча райондук мекеме-уюдарынын жана айыл өкмөттөрүнүн кызматкерлери арасында “Мурас-Аймак” регионалдык турниринин райондук этабын өткөрүү боюнча жобосу бекитилип, Анын негизинде  бүгүн Кыргыз Республикасынын  Президентинин Администрациясынын тапшырма сына ылайык, “Мурас-Аймак” регионалдык турнир инин райондук этабы  Кербен шаарында өтүүдө. Иш-чаранын максаты жарандардын арасында сергек жашоо ыңгайын жайылтуу, дене тарбия жана спортту өнүктүрүү,  райондук мекеме-уюмдарынын жана айыл өкмөттөрүнүн арасында достук, ынтымак мамилени бекемдөө болуп саналат. Иш-чарага мекеме-уюмдарынын жана айыл өкмөттөрүнүн 12 команда катышууда. Мелдештин женүүчүлөрүнө райондук мамлекеттик администрация тарабынан атайын дипломдор, кубоктор жана акчалай сыйлыктар берилет.