21 ноябрь 2024

Кароолор: 109

СЕРТИФИКАТТАР ТАПШЫРЫЛДЫ

 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-июлундагы "Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам берүү жөнүндө" №385 токтомун жана 2023-жылдын 10-февралындагы №40 тескемесин ишке ашыруу максатында,   аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө социалдык контракттын негизинде,   Өткөн жылы 685 адам турмуш шартын ондоп, чакан бизнестерди ачып алды. Быйылкы жылда да  Аксы району боюнча 1575 адамга каражат берүү пландаштырылган болсо, азырга чейин   881  жаран долбоор жазып, долбоордун алкагында 100 миң сомдон  акча каражатын алышты. Кечээ күнү райондук маданият үйүндө сертификаттар тапшырылып чоң салтанат болду.   Учурда долбоордун алкагында мал-жандыктарды жана чакан бизнестерди ачууга, керектүү техникалык каражаттарды  комиссия менен биргеликте сатып ала баштады.  Сертификаттарды тапшырып жатып райондун акими Замирбек Сыдыков келечек ишкерлерге ийгиликтерди каалап, алынган каражаттарды максаттуу пайдаланууга чакырды