20 апрель 2024
Кароолор: 24
СООДА ТАРТИПТҮҮ БОЛСО ДЕШЕТ

Аксы районунун Кербен шаарындагы борбордук базарында рейд уюштурулду. Эрнист Зияйдинов, вице-мэр Эдилбек Эрмаматов, Аксы РИИБ кызматкерлери жана мэриянын тийиштүү адистери менен биргеликте шаардын борборундагы базарда жол боюнда баш аламан соода кылып жаткан соодагерлерге жеринде барып түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Кербен шаарынын мэриясы эскертүу берүү менен бул соодагерлерге да элге да ыңгайлуу боло тургандыгын айтып жеткирди. Жол тыгынын да азайта турганын айтышып, укпагандарга айып салынарын билдирди. Соода уруксат берилген жердин ичинде гана болорун жеткиришти. Жолду тосуп соода кылганды токтотуу жагын дагы бир ирет эскертип чыгышты.
Анткени автоунаалардын өтүүсүнө тоскоолдук жаратып, автотыгындар пайда болууда. Ошондуктан мыйзам чегинде иш алып баруу жагын мэрия билдирди, сак болунуздар, айып төлөп каласыздар.