08 май 2024

Кароолор: 17

СТАЛИНДИН ЖҮЗҮМҮН ЖЕГЕН АНАРБАЙ АКЕ БЕЛЕК АЛДЫ

       Улуу Ата Мекендик согушка Аксыдан кеткен 3493 ардагердин акыркысы өткөн жылы көзү өтүп кетип, аксылыктарды кыйла бөксөртүп кетти. Эр азамат, ыйык аталарыбыздын ушул бактылуу күндөрдү алып келүүгө жумшаган эмгегин баалап болбойт, согушкада барып, андан келип кайрадан  Советтик Армиянын катарын чакырылып Кавказда Сталиндин дачасында, аны кайтарып, дачадан жүзүм жеп коюп, Сталинден коркуп, бирок татыктуу кызмат кылып, бирок тылдагы адам катары катталып калган Кара- Камыш айыл аймагынын Кызыл-Көл айылынын тургуну, тылдагы эмгектин ардагери Анарбай аке Алымкулов азыр жүз жаштын нан жеп чайын ичип, небересинин колунда ардакталып олтурган чагы. Улуу Ата Мекедик согуштагы жеңиштин 79 жылдыгына карата Аксы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Замирбек Сыдыков, " Кыргыз почта" ачык акционердик коомунун Аксыдагы филиалынын жетекчиси Султан Бөлөкбаев, Кара-Камыш айыл өкмөтүнүн башчысы Төлөнбек Султамуратов бүгүн Анарбай акенин үйүнө барып Кыргыз өкмөтүнүн, Президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаевдин атынан, аким  администрациянын атынан, айыл өкмөтүнүн, "Кыргыз почта" ачык акционердик коомунун, Аксы РЭСтинин атынан акчалай белектерди тапшырып, карыянын согуш жылдардагы тарткан азап тозоктору, эрдиктери жөнүндөгү кызыктуу аңгемесин угуп,майрамы менен куттуктап, ак батасын алып кайтышты. Эң кызык жери карыя баарын таанып, алкоо тилектерин айтканы болду. Арзыбаган белекке абдан ыраазы болуп, ток пейилидигин көрсөтүп, Президентибизге терен ыраазычылыгын айтып, ак батасын ыроолоду. Эртең 9 -май Анарбай ата сизди бүткүл элибиз куттуктайт, сизге дөөлөтүү карылык каалайт, майрамыңыз кут болсун. Сиз бүгүн куттуктоолор менен белектерге татыктуусуз.