01 ноябрь 2024
Кароолор: 14
СЫЙЛЫК КУТ БОЛСУН! СЫЙМЫКТАНАБЫЗ!

Төрага Нурланбек Шакиевге Казакстандын II даражадагы “Достук” ордени ыйгарылды. Кечээ Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин Жарлыгы менен эки мамлекет ортосундагы байланыштарды бекем дөөгө жана өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңе шинин Төрагасы Нурланбек Шакиевге II дара жадагы “Достук” ордени ыйгарылды.
Сыйлыкты Казакстан Парламентинин Мажилисинин Төрагасы Ерлан Кошанов Кыргызстандагы расмий сапарынын алкагында Төрага Нурланбек Шакиевге салтанаттуу түрдө тапшырды.
Төрага Нурланбек Шакиев ыйгарылган сыйлык үчүн ыраазычылыгын билдирип: “Достук” ордени мага берилгени менен мен жетектеген жалпы Жогорку Кеңеш үчүн чоң сыймык. Биз калыптанган кызматташтыкты арттырып, мындан ары да боордош элдин достугун чыңдоо багытында иш алып бара беребиз”, - деди. Ошондой эле Казакстан Республикасынын Президентинин Ардак грамотасы Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары Нурбек Сыдыгалиевге берилди.
Сыйлык тапшыруу аземинен соң Төрага Нурланбек Шакиев Ерлан Кошанов баштаган Казакстан Парламентинин Мажилисинин депутаттарына Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берип, жыйындар залы менен тааныштырды.