05 июнь 2024
Кароолор: 17
СЫНАК БИЛИМДИ СЫНАЙТ

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын 2024-жылга карата өткөрүлүүчү иш-чаралардын планынын алкагында, “Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарына 100 жыл: тарыхы жана азыркы учур” темадагы мыкты сүрөт🎨, видеоролик🎥 жана дил баян📜 боюнча сынак жарыяланып, старт алды.
Аталган сынакка 14 жаштан 35 жашка чейинки Кыргыз Республика сынын жарандары (жеке адамдар же чыгармачыл топтор) катыша алышат.
Катышуу үчүн сынактык иштерди 2024-жылдын 1-октябрына чейин аймактык прокуратура органдарына тапшыруу зарыл. Иш-чаранын жыйынтыгында жеңүүчүлөр баалуу сыйлыктар 🎁🎁🎁🥇🥈🥉 менен сыйланат.
Толугураак маалымат алуу үчүн:📞0700 594445 Аксы райондук прокуратурасынан алсаңыздар болот. Активдүү катышкыла-сынак билимди сынайт.