23 май 2024
Кароолор: 19
ТАҢДАЙДАН ДААМЫ КЕТПЕГЕН. КУЛПУНАЙЫ АКСЫНЫН

Аксы районундагы Кербен шаар мэриясына караштуу Жерге-Тал айылынын тургуну Тагайкул Өмүралиев. Өмүрлүк жары Малюда экөөсү 4 презенттин ата энеси. Балдардын алды мектепте окуп калышты. Мезгилинде Тагайкул да чет өлкөлөрдү кыдырып иштеп келди. Учурда ал өзү туулуп өскөн Жерге-Тал айылында эле, дыйканчылык кылып арбын киреше тапса боло турганына ынанып иштеп жаткан учуру. Тагайкулга таң эртең менен эгин талаасында жолугуп маектештим. Алгачкы эле суроом ушул болду.
-Шаар кезип жүргөн болсоң, дыйканчылыкка кандайча киришип калдың?
-Дыйканчылык кылам деген деле оюм жок болчу. Өмүрлүк жарым Малюда там аркасы жерибизге ежевиканын көчөтүн тигип салган экен. Андан деле түшүм алабыз деген ой болбогон. Түшүмү мол болот экен, терип сатып 250 миң киреше алдык. Анан мен 23 миң түп көчөт алып келип салдым эле, аны сатып алгач эле 220 миң сомдой киреше таптык. Анан дыйканчылык кылууга кызыгып, чындап кириштим.
-Алгач ишти эмнеден баштадың?
-Албетте дыйканчылык кылганга шарт, жакшы жер болуш керек экен. Алгач 20 сотых үлүш жеримди короолоп, ал жерге суу алып келип, андан соң, пленканын алдында кулпунайдын көчөтүн олтургуздук. Бул жерге 10 миң түп кулпунайдын көчөтүн олтургуздум. Тамчылатып суугаруу системасын киргиздим. Кыскасы дыйканчылыкты баштаганыма 640 миң сом чыгаша кылдым. Жакшы аракет кылсаң жер тез эле кайтарат экен. Өткөн жылы жылпысынан 500 миң сомдой кире таптым.