26 декабрь 2024

Кароолор: 21

ТАРТИП БОЛСО- БИЛИМ БОЛОТ

Аксы районундагы Мамыт Абылкасымов атындагы райондук билим берүү бөлүмү    тарабынан келечек муундарына билим берүү менен бирге татыктуу тарбия тартибин орнотуу иштери райондук мамлекеттик администрация, райондук ички иштер бөлүмү, райпрокуратура, райондук эмгек социалдык камсыздандыруу жана миграция башкармалыгынын үй- бүлөнү колдоо бөлүмү менен бирге байма- бай уюштурулууда.

Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин принциптери, балдардын укуктарын жана таламдарын коргоо жөнүндө, ошондой эле майда бейбаштык- уурулук, кылмыш жасоо, эрте турмуш куруу, банги заттар менен алектенүү, ушакчылык, зомбулук, мектептен же үйдөн качуу, ден соолукка зыян келтирүү сыяктуу терс адаттардан оолак жашоого багытталган баяндар жана эркин суроо- жооптор  болуп, балдардын кызыгуусу артууда. Жолугушуу учурда райондун прокурору Милан Сооронкулов кеңири баяндама жасап түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Кышкы каникул мезгилин кошумча билим алууга, ойлоп табуу интеллектин өнүктүрүүгө арноо да эскертилип, Кара-Камыш айыл аймагына караштуу Жеңижок атындагы мектептеги жолугушуу таасирдүү жыйынтык талды.