19 август 2024

Кароолор: 18

ТАШТАНДЫ ТАШТООЧУ ЖАЙЛАР ТАРТИПКЕ КЕЛТИРИЛЕТ

Аксы районунда "Биздин добуш" коомдук фонду  менен биргеликте долбоордун алкагында Кербен шаарынын Таш-Мойнок жана Жерге-Тал айылындагы  таштанды таштоочу жайын тосмолоп тартипке келтирүү иши башталды. Тосмолор үчүн керектелүүчү материалдар келип “Кербен Тазалык жана көрктөндүрүү”  ишканасы тарабынан жана БУУНун азык түлүк программасынын алкагында тосмолоо жумуштары башталды.  Кербен шаардык мэриясы бул ишке көмөк көрсөтүп жаткан коомдук уюмдарга ыраазычылык билдирди жана бул ишти сапаттуу бүткөрүүгө киришти.