15 май 2024

Кароолор: 41

ТАШТАНДЫНЫ ГҮЛЗАРГА АЙЛАНДЫРГАН КАЛКОЖО АКЕ

Калкожо аке Эшенкулов өзү Токтогул районунун Токтогул шаарында жашайт, бул киши тууралуу аваз кылып айтылган сөздөрдү көп угуп, бир таанышсам деп жүргөм. Кыргыз эл сүрөтчүсү, талант түнөп кеткен иним Асан Турсункулов келип калып эки күн бирге жүрдүк Калкожо аке тууралуу аябай кызыктуу баян кылып айтып берип, кайтарында Токтогулга барып Калкожо акенин үйүндө болуп, учурашып, анда түнөп кетем деп калды. Эртеси телефон чалып кайдасыз деп сурасам Калкожо аке менен олтурам деп калда, суранып ал киши менен телефондо сүйлөшүп калдым да журналисттик өнөкөтүм кармап, амандашып туруп эле суроо бергенге өттүм.


- Калкожо аке, сиз тууралуу, сиздин гүл бакчаныз тууралуу көп угуп жүргөм, бул гүлбакты кандайча уюштуруп калдыңыз?
- Ээ,иним тарыхы кызык, 2002-2003-жылдары эжең экөөбүз жумуш жок, турмуш оор болуп, бөтөлкө чогултуп сатып тирилик кылып жүрдүк, балдар жаш, анан бир күнү шаардын ал кездеги мэри Абдылда Сманалиев чакырып "Калкожо аке, иштерман адам экенсиз Ош-Бишкек жолунун боюнда бир чункур жер бар, эл таштанды ташоочу жайга айландырып жиберди, бир гектарга жакын,ошол жерди берейин, өздөштүрүп, үй салып бир гүлзарга айландырбайсызбы" деп калды. Ал жерге чынында көп эмгек керек эле, ага карабай макул болдум. Мындай демилгени ал кездеги аким Жолдошбек Меделканов да колдоого алып калды. Ошентип иш баштадым,тонналаган таштандыны ташып чыгардым, чункурду толтурдум. Жерди тегиздеп бак кылууга кириштим. 
      

-Андан бери канча жыл өттү? Эмгек кайтты

- Тез эле гүл бакка айландырдым, жанына май куйууучу жай ачтым, соода жайларын ачтым. Атаандаштык күчөгөндө анан сооданы токтотуп, мейманкана ачтым. Ошентип балдарды окуттум. Азыр  3 уул, 5 кызым бар, келинчегим кайтыш болуп кетти, ушул гүл бактын үзүрүр көрөрдө. Азыркы өмүрлүк жарым Рапия экөөбүз мээнетти катуу кылдык.
      

-Эми азыр гүл багыңызда эмнелер өсөт? 
       

Азыр алманын 7-8 түрү, андан сырткары анар, шаа тыт, бадам, кара өрүктүн эки үч түрү, өрүк, шабдаалы, алча, жаңгак, алмурут кыскасы бак чарбанын баардык түрү бар, гүлдүн эле 30 дан ашык түрү өсөт, бактын ичине эс ала турган жайларды курдум, гүлзарларды кылдым, байбичем менен эки кызым Акбермет, Акгүл жеңилди жерден, оорду колдон алышты. Андан көрө келип эс алып кет. Балдарым баары жогорку билим алып иштеп жатышат. Колдо мектепте окуган эки кызым калды, анын да бири буйруса быйыл жогорку окуу жайына барат.  Азыр сизге бир нече сүрөттөрдү жөнөтөм, көрүнүз деп  кубандырды. 
          Адамдын кандай экени сүйлөгөн сөзүнөн эле билинет. Калкожо аке,кичи пейил, жөнөкөй, мээримдүү, эң башкысы эмгекчил, кең пейил, кудай береке берген, төгүл-чачыл  адам экен. Мындай адам  менен таанышканыма сыймыктанам. Чакан мал чарбасы да бар экен. Эмгек кылсан берекесин көрөсүң деген ушул. Калкожо акенин бак чарбасынын сүрөттөрүн көрүп олтуруп эле өзүнчө бир Крымдагы курорто жүргөндөй болосун.  Калкожо аке, элдин баары жерге сиздей мамле кылып, жаратылыш менен эриш аркак болсо, жерибиз алда качан бейиштин төрүнө айланмак. Бар болуңуз Калкожо аке, сиз тууралуу жазуу мен үчүн сыймык болду. Сөздүн баары али алдыда.