03 август 2024

Кароолор: 19

ТЕҢИР -ТООЛУКТАРДЫН МЕЙМАНЫ АКСЫЛЫК АРДАГЕРЛЕР БОЛДУ

Жакында курамы Аксы районунун шаардык, айылдык ардагерлер кенештеринин төрагаларынан турган делегация Нарын шаары на барып, Нарын шаарынын эли, ардагерлери менен жолугушууларды откоруп келишти. Теңир-тоолуктар аксылыктарды өзгөчө шаң менен тосушуп, сый -урматтарын көрсөтү

Нарын шаарынын мэриясында Президенти биздин ысырапкорчулукка каршы күрөш, адеп-ахлак, таалим-тарбия, нарк-насил жөнүндөгү жарлыктарынын аткарылышынын жүрүшү жөнүндөгү тегерек стол өткөрүлдү.

Тегерек столдун жүрүшүндө Нарын шаарынын мэри К. Кутуев жогоруда аталган жарлыктардын аткарылышы тууралуу  кенири баяндама жасап, суроолорго жооп берди.

Кезеги менен Аксы райондук ардагерлер кенешинин төрагасы Абдыкайым Өмүрбеков  да Аксы районунда ушул багытта жүргүзүлүп  жаткан иштер тууралуу кеңири маалымат берди.

Күн тартибиндеги  маселелер боюнча ардагерлер Э.Сатаев, К.Кубатбеков, А.Токтор беков, Ж.Аттокуров, Т.Абасов, Нарын тарап тан М.Мамбетисаев, К.Көбөевдер чыгып сүйлөшүп  ой-пикирлерин билдиришти.

Акырында меморандум кабыл алышты.

Мындан тышкары жердешибиз, мамлекеттик жана партиялык ишмер Матен Сыдыков атындагы орто мектеп менен таанышып, мектепке эстелик үчүн баалуу белек тапшырыл ды. Мындан тышкары Суусамыр дагы Кожом кул балбандын үй музейинде, Кочкор айылын дагы жаны ачылган Ормонхан атындагы паркта болуп, алардын эстелик китебине каалоо-тилек жазып калтырышты.       

Кайтып келе жатып Токмоктогу "Гавайи" эс алуу жайында эс алып кайтышты.

Ардагерлер бул сапардын уюштурулушуна көмөк көрсөткөн айыл өкмөт башчыларына жана Аксы райондук мамалекеттик администрация сынын башчысы Замирбек Сыдыковго терең ыраазылык билдиришти.