25 октябрь 2024
Кароолор: 13
ТОГУЗ АЙДА 15 КИЛОМЕТР ЖОЛ АСФАЛЬТТАЛДЫ

Аксы районунда 2024-жылы 15 км жолго асфальт төшөлдү. Атап айтсак 9 ай ичинде Аксы районунда автожолдорду асфальтоо боюнча төмөндөгүдөй жумуштар аткарылды. Атап айтканда Кербен-Үч-Коргон-ГЭС автожолунун -2,220 километр арылыгы, Кара-Жыгач –Сары-Челек автожолунун -5,9 километр аралыгы ,Кара-Жыгач- Сыны автожолунун -1,350 километр аралыгы асфальталган. Бардыгы 9,47 километр жол жаңыланды. Анын ичинде Кербен шаарынын ички жолдору боюнча; Шаардагы Д. Сасыкбаев көчөсүнүн -1,0 километр аралыгы, Т. Үметалиев көчөсүнүн -1,080 кидлметр аралыгы, Мир көчөсүнүн-0,6 километири аралыгы асфальталган.
Бардыгы 2,68 километр жол асфальтталды. Ал эми
Ак-Суу айыл аймагындагы; Майли-Сай-Ак-Суу автолунун -1,0 километр аралыгы, Үч-Коргон айыл аймагында; Кум айылдагы Андабеков көчөсүнүн - 500 метр аралыгы Жергиликтүү бюджеттен асфальталган. Кош-Дөбө айыл аймагында; А. Кадыркулов көчөсүнүн -1,0 километр аралыгы Демөөрчү тарабынан асфальталган, Ички жолдор бардыгы -5,18 километр.
Район боюнча 2024-жылдын 9 айдын жыйынтыгы менен жалпы 15 километр аралыкдагы автожолдор асфальталды. Учурда асфальттоо иштери кызуу жүрүүдө