22 ноябрь 2024
Кароолор: 30
ТӨКМӨ АКЫН ЫСАК БАРПИЕВДИН 90 ЖЫЛДЫГЫ БЕЛГИЛЕНДИ

Салтанатты Аксы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акими Замирбек Сыдыков акындын чыгармачылыгы, өмүр жолу тууралуу кеңири сөз кылуу менен ачып берди. Райондогу мекеме ишканаларда, мектептерде акындын юбилейин белгилөөдө мыкты өнөр тартуулашып, акынды даңктагандарга, дубал газеталарды чыгарып, акындын чыгармаларын көркөм окугандарга акчалай сыйлыктар менен Ардак Грамоталар жана акындын 90 жылдыгына арналып чыгарылган “Төкмө акын Ысак Барпиев” деген китеп сыйлык катары тапшырылды.
Салтанатта райондун ардагерлер кеңешинин төрагасы Абдыкайм Өмүрбеков, акындын уулу Уметалы Барпиев, Сары-Челек айыл аймагынын башчысы Таалайбек Айткулов, Кыргыз республикасынын маданиятына эмгек синирген ишмер, акын жазуучу Абдымомун Калбаев, акын жазуучу Сыдык Хайдаров чыгып сүйлөшүп акындын өмүр жолуна, адамкерчилик асыл сапаттарына кеңири токтолуп, эскеришти. Салнатта акысылык таланттар Канатбек Асаналиев, Шарипа Ырсалиева, Кыргыз рсепубликасынын эмгек синирген артистти Кишимжан Мамытова, жаш ырчы кыз Айгүл Сарматова, Ак-Жол айылындагы Матен Сыдыков атындагы орто мектептин комузчулар ансамбли шаңына чыгарып чон программадагы концерт тартуулашты. Салтанатка Аксыдагы акын= жазуучулар Ырысалы Жанчаров, Баялы Момунов, Акмат Боробаев, Турдубүбү Кубатбекова, Сыдык Хайдаровдар катышышты. Акындын 90 жылдыгын Сары-Челек айыл аймагынын башчысы Таалайбек Айткулов жыйынтыктады. Акырында акындын рухуна багышталып куран окулду.