05 июль 2024

Кароолор: 27

ТОКОЙ БЕРЕКЕСИ-ЭЛДИН БАЙЛЫГЫ

Аксы жергеси өзүнүн кайталангыз жаратылышы менен дүйнөгө даңкы кеткен аймак десек жаңылышпайбыз. Албетте токой байлыктарын сактап байытууда  Президенттин “Жашыл мурас” онөктүгү да жаңы дем- күч жаратып Авлетим , Аксы, Аркыт токой чарбаларынын аракеттери сөз кылууга арзыйт. Башкасын айтпаганда да Аксы токой чарбасынын аймагында мисте дарагын өстүрүп аны байытууга жасалып жаткан аракеттер мактоого татыктуу. 

        Быйылкы  жылдын ичинде эле  6 гектардан ашык аянтка мисте көчөттөрү тигилип, аны короолоп, тамчылатып суугаруу иштери аткарылды. Жалпы токой чарба боюнча 460 гектар аянтка мисте тигилип короолонуп өстүрүлүудо. Андан сырткары  анын ичинде токой чарбанын Разан- Сай, Кызыл-Бейит участкаларында   жапайы анжир менен жапайы жүзүм өскөн жерлер өзгөчө корукка алынган. Аракет кылганга кудай берет деген ушул. Быйылкы жылда мистенин түшүмү мол болду.