14 июнь 2024

Кароолор: 15

ТӨРАГА ИШ САПАРЫ МЕНЕН АКСЫДА БОЛДУ

         Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Нурланбек Шакиев Түштүккө иш сапарынын алкагында Аксы районундагы   Кош-Дөбө айыл аймагын да    болду. Айыл аймагынын .  Сары -Кашка айылындагы Сали Жоробаев атындагы орто мектепке төраганын көмөгү менен салынган  заманбап спорт сарайдын ачылыш аземине катышты.       Төрага өз сөзүндө акыркы жылдарда президенттин туура саясатынын, таза иштеп күжүрмөн аркеттеринин натыйжа сында өлкөбүз дүркүрөп өсүү жолуна түшкөндүгүнө, Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган мыйзамдар иштеп, депутаттар эл үчүн керектүү мыйзамдарды кабыл алып берип жаткандыгына, ынтымак, биримдик болсо келечек өлкөбүз кубаттуу өнүккөн өлкөгө айлана тургандыгына токтолду. Эл төрагага ыраазычылык билдирип, ак батасын беришти. Төрага өз фондусунан спорттук инвентарларды сатып алууга деп  200 миң сом бөлүп берип, анын сертификатын тапшырды. 

Ошол эле күнү Аксы районунун Үч-Коргон айыл аймагында дагы бир спорт комплекстин  ачылышына катышып тасмасын кыркты. Төраганы Президент тин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Аксы районунун акими Замирбек Сыдыков коштоп жүрүштү. Төраганын иш сапары облустун аймагында уланууда.