15 ноябрь 2024

Кароолор: 16

ТӨРАГА ИШ САПАРЫ МЕНЕН КЕЛДИ

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Н.Т. Шакиевдин    бүгүн Жалал-Абад облусунун Аксы районуна    иш сапары башталды. Төрага алгач Үч-Коргон айыл аймагында болуп Кербен-Үч-Коргон-ГЭС жолунунун ремонту менен таанышып, асфальт талган учуасткасын ачып берип, калган участок торун сапаттуу бүткөрүүнү тапшырды. 

Андан соң  Кербен шаарынын Живпром, Жар дуу- Колот жана Курулуш айылдарын сугат суу менен камсыздоо максатында 2005-2008-жылдары ашар жолу менен курула баштаган  “Барпы” каналынын курулуп ачуу аземине катышты.    Аталган каналдын курулушу өткөн жылы башталган, долбоордук сметалык наркы 17 683,0 миң сомду түзөт. Анын ичинен райондук өнүктүрүү фондусунан 3 миллион сом, облустук өнүктүрүү фондусунан 6 150,0 миң сом республикалык бюджеттен 5 385,4 миң сом акча каражаты бөлүнгөн. Курулуш иштери боюнча тендер жарыяланып, 14 385,0 миӊ сом менен “Данко Строй”  ЖЧКсы жеңүүчү болгон. Каналдын 4800 метр аралыгын казуу жумуштары жүргүзүлүп, учурда 4 көпүрө, 1 суу кампа курулуп, каналга 2 турба орнотулган. Каналдын 990 метрин бетондоо жумуштары жүргүзүлдү. Мындан сырткары кошумча 900 метр канал казылып, анын 70 метри бетондолду. Бүгүнкү күнгө карата жалпы аткарылуучу жумуштар аткарылып   пайдаланууга берилип ачылуу аземине төрага катышып тасмасын кыркып берди. 

      Кербен шаарындагы саркынды суу  түтүкчөсүн жана саркынды суу  тазалоочу курулмасын куруу долбоору аяктап, жалпы суммасы 115 миллион сомдук  бул курулушту курууну тендерден Ош шаарындагы ОсОО “КУХ-И-ЛАЛ”курулуш ишканасы утуп алып бүгүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин  Төрагасы Н.Т. Шакиев  курулушт тун капсуласын салып, курулуш иши башталды. Бул жерде эл менен жолугушуп аткарылып жаткан иштерге кеңири токтолуп айтып берди. Эл президентке, Жогорку Кеңештин төрагасына жана Министрлер К;абинетинин төрагасына терең ыраазычылыктарын билдиришип ак баталарын беришти.  Төраганын иш сапары эртен дагы уланат.