09 сентябрь 2024
Кароолор: 21
ТҮНКҮСҮН АРАК САТЫЛБАЙТ

Аксы райондук ички иштер бөлүмү Кербен шаарынын мэриясы менен биргеликте түзүлгөн иш мерчемдин алкагында Кербен шаарынын борборун дагы соода түйүндөрүндө Кербен шаардык Кеңеши нин чечимине ылайык саат сегизден кийин спирттик ичимдиктерди сатпоо тапшырмалары берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Талапты аткарбаган, баш ийбеген жарандарга бузуулар мыйзамына негиз протокол толтурулат.
Ошондой эле соода борборлорунда жаш өспүрүмдөр иштөөсүнө мүмкүн эместиги эскертилди. Алдыда мындай рейд улантылат.