16 июнь 2024
Кароолор: 27
ҮЧ-КОРГОНДО КУРМАН АЙТ МАЙРАМЫ МАЙРАМДАЛДЫ

Аксы районунун Үч-Коргон айылында Курман айт өзгөчө майрамга айланды. Анткени 1983-жылдан берки бүтүрүүчүлөр демилге көтөрүп эки кара мал союп , аш басылып, айылдын борбордук эс алуу багында Курман айт майрамына жалпы эл келип, ыр күүлөр жаңырып, спорттун кол күрөш, аркан тартыш, күрөш, волебол, шахмат жана башка түрлөрүнөн таймаштар болуп, элге бир өзгөчө майрам уюштурулуп берилди. Ушул эле жерден Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы Маматысак Жапаров , айыл аксакалдары, ак элечек энелердин, жаштардын, айылдын мыкты ишкер атуулдарынын куттуктоолору жаңырды. Элдин демине-дем, күчүнө-күч кошулду. Жараткандан жалпы эле элибизге, айылдын жаштарына жакшы каалоо тилектер айтылды. Курман айт чыныгы майрамга айландырылды.