17 сентябрь 2024
Кароолор: 29
УЧУРДУН МАСЕЛЕЛЕРИ ТАЛКУУЛАНДЫ

Бүгүн Аксы райондук мамлекеттик администрация сынын жыйындар залында райондогу айыл өкмөттөрүнүн башчылары, мекеме- ишканалардын жетекчилери менен жыйын болуп өттү. Күн тартибиндеги биринчи маселе боюнча Аксы райондук прокуратурасынын орун басары Нурайым Катаганова билдирүү жасады.
Күн тартибиндеги экинчи маселе боюнча "Социалдык контрактын негизинде социалдык жардам берүү" жөнүндө маселе каралып, акимдин орун басары Айсалкын Салиева баяндама жасады.. Устубуздөгү 2024 -жылда 1775 контрактык көмөк пул алууга квота берилген, бүгүнкү күндө 665 жаран социалдык контрак алды. Район боюнча мындан эки үч жылда 7000 жаран пособие алган болсо учурда 4800 жаран пособие алат. Бул иш октябрь айынын ичинде аяктоо иши милдеттендирилди. Бир ай ичинде 1000 ден ашык жаранга социалдык контрак берилиши керек.
Райондун калкын күз- кыш айларында отун - көмүр менен камсыздоо боюнча маселе каралып тийиштүү жетекчилерге милдеттендирилди. Өзгөчө медицина тармактарын жана мектептерди отун менен камсыздоо боюнча иштерди тездетүү милдеттен дирилди. Көмүр ташуу иши Кербен шаар мэриясында жакшы жүрүп жатканы белгиленди. Жыйында ички тышкы инвестиция тартуу менен жумушчу орундарды түзүү иши каралды. Ошондой эле турак жайларды камсыздандыруу ишин тездетүү милдеттендирилди. Жыйындын Акырында Барпы Алыкуловдун 140 жылдыгын белгилөөгө активдүү катышууга чакырык ташталды.