06 декабрь 2024

Кароолор: 12

ҮЙ-БҮЛӨЛҮК ОКУУ-ЧОҢ МААНИГЕ ЭЭ

Аксы районунун Кербен шаарындагы  Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектептин  башталгыч класстарында "Билим башаты - башталгыч класс" деген темада усулдук тажрыйба алмашуу максатында мугалимдердин аймактык жолугушуусу болуп өттү..

Райондун мектептериндеги эки тилде окуткан мугалимдер менен окуучуларынын сабактардан алган теориялык билимдерин  чыныгы турмушта колдоно билүү көндүмдөрүнө эркин машыккандыгы жана шыктангандыгы бул жолугушууда далилденди..  "Үй-бүлөлүк окуу" сынагынын да бала тарбиялоодогу ролу чоң экенин, мугалимдердин заманбап усулдары, санариптик техникаларды колдонуу ыкмалары да жаккандыгын ата- энелер кубаттаганы бул жакшы жышаана..Семинардын катышуучулары sabakApp тиркемеси аркылуу сабактарг байкоо жасашып, кайтарым байланыш беришти.