16 апрель 2024
Кароолор: 206
ЫЙМАНДУУ БАЛА КЫЛМЫШКЕР БОЛБОЙТ

Бүгүн Аксы районунун, Кербен шаарындагы Ж. Бөкөнбаев атындагы жалпы билим берүүчү мектебинде зордук-зомбулуктун, кылмыштуулуктун, эрте никеге туруунун жана ушул сыяктуу көйгөйлөрдүн алдын алуу боюнча райондун аймагындагы мектептердин социалдык педагогдорунун, мектеп окуучуларынын катышуусунда семинар өткөрүлдү.
Семинарга райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин орун басары Айсалкын Салиева, райондук сот, прокурор, ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси, ардагерлер кеӊешинин төрагасы, аялдар кеӊешинин төрайымы өз ойлорун айтышып, счунуштарды беришти. Бул жаатта ата-энелердин таасирин арттыруу керектиги баса белгиленди. Анткени акыркы кездери социалдык көйгөйлөр дүн таасиринен улам үй-бүлөдөгү баланын тарбиясы, анын келечегине болгон камкордуктарды күчөтүү, ар бир ата-эненин бала алдындагы жоопкерчилиги негизги маселе болуп саналат.
Балдардын жаркын келечеги ийгиликтүү өнүгүүсү үчүн зомбулуксуз чөйрөнү жаратууга шарт түзүү, коомчулуктагы өспүрүмдөр катышкан терс көрүнүштөрдү жоюу жана алдын алуу максатында профилактикалык иш-чараларды күчөтүү тапшырмасы коюлуп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.