26 декабрь 2024

Кароолор: 18

ЗАЛКАР КОМУЗЧУ НЫЯЗААЛЫ ЖӨНҮНДӨ 2 КИТЕП ЧЫКТЫ

Бүгүн – 26-декабрда Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада "Улуу устат Ныязаалы" жана "Ныязаалы Борош уулу" аттуу китептердин бетачар аземи болуп өттү.

 Иш чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, Билим берүү министрлигинин,  Маданият министрлигин, КР Улуттук Илимдер академиясынын, профилдик окуу жайлардын, чыгармачыл союздардын, коомчулуктун өкүлдөрү чакырылган.

 Аталган китептер Кара-Кыргыз автоном областынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилөө боюнча мамлекеттик чараларынын алкагында КР Министрлер Кабинетинин № 321-т тескемесине ылайык басылып чыкты.

 Бул китептерди чыгаруунун демилгечилери: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Гүлшаркан Култаева, Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитети, залкардын тууган-уруктары.

 Биринчи китепте негизинен Ныязаалынын белгилүү чыгармалары нотасы менен басылды.

 Экинчи китепте Ныязаалынын өмүр жолуна, чыгармачылыгына арналган баяндар, илимий-публицистикалык макалалар, эскерүүлөр топтоштурулган. Жаңы жыл алдында бул жакшы жаңылык болду. Гүлшаркан Култаевага ыраазычылык билдирүү менен Аксылыктарды куттуктайбыз.