12 сентябрь 2024
Кароолор: 21
ЗАЛКАРЛАРГА АРНАЛДЫ

Аксы районундагы Жунай Мавлянов атындагы инновациялык лицей жатып окуучу мектебинде кыргыздын залкар акындары Барпы Алыкуловдун 140 жылдыгына жана төкмө акын, Кыргыз Республи касынын эмгек синирген артисти Ысак Барпиевдин 90 жылдыгына арналган иш чара өттү. Мектептин окуучулары залкар төкмө акындардын ырларын көркөм окушуп, сахналаштырылган көрүнүштөрдү аткаршып, обондуу ырларын ырдашып, кечени шаңга бөлөштү. Ошондой эле кечеде Барпы Алыкуловдун, төкмө акын Ысак Барпиевдин өмүр жолу, чыгармачылыгына арналган видео слайттардын көрсөтүлдү.
Кеченин акырында Мамыт Абылкасымов атындагы райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Осмоналы Нурманбетов, акын жазуучу, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек синирген ишмер Абдымомун Калбаев, тарых илимдеринин кандидаты Сапар Наркеев чыгып сүйлөшүп, бул эки залкар аталарыбыздын өмүр жолуна, чыгармачылык ишмердигине кеңири токтолуп айтып беришти жана бул кечени даярдаган мугалимдер менен окуучуларга ыраазылыктарын билдиришти. Кече ыр- бийлер менен коштолду.