04 сентябрь 2024
Кароолор: 27
ЖАЙЫТЫҢ ЖАЙЛУУ БОЛСУН

Бүгүн Аксы райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында чон жыйын болуп өттү. Жыйында негизги маселе катары “Аксы районунун аймагында-жайыттарды башкаруу жана пайдалануу жөнүндө” маселе талкууланып, айыл өкмөттөрүнүн алдында муниципалдык мекемелерди түзүү, аларга мурдагы жайыт комиттеринин карамагындагы мүлктөрдү жана техникалык каражаттарды өткөрүп берүү, ошону менен бирге эле жайыт төлөмдөрүн жыйноо ишин тездетүү маселелери талкууга алында. Күн тартибиндеги маселе боюнча райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгын башчысы Таалайбек Саматов баяндама жасады. Бул багыттагы көйгөйлөрдү четтетүү боюнча айыл өкмөт башчыларына катуу тапшырмалар берилди.
Жыйында андан тышкары - ирригациялык системаларды райондук суу чарба башкармалыгына карамагына өткөрүү, ошондой эле күз кыш мезгилине даярдыктар сыяктуу маанилүү маселелер каралып, талккуланып тийиштүү токтомдор кабыл алында.