19 сентябрь 2024
Кароолор: 32
ЖАҢЫ-АЙЛДА БАНКОМАТ- КЕЛГЕНДЕР КҮТПӨЙ АКЧА АЛАТ

Кербен шаар мэриясына караштуу Жаңы-Айыл айылынын Дөөлөталиев көчөсүндө, Аксы-Ала-Бука райондорун туташтырган автоунаа жолунда жайгашкан, «Аманбай-Ата» соода борборуна Элдик Банктын № 338-банкоматы орнотулду! Нак акча жүгүртүү токтотулуп, карточка системасына өткөндөн кийин айылдыктарга айлык маяна, пенсия, пособия алууда ыңгайсыздык жаралып келген. Эми бул көйгөй чечилди. Маалым болгондой аталган аймак район борборунан бир топ алыс жана «Элдик Банктын» кызматын пайдалангандардын саны көп. Ошондой эле келген туристердин саны арбын. Буга чейин айыл тургундары жана коноктор акча алуу үчүн, бир күн күндүк убактыларын коротушкан. “Элдик банктын” жамаатына эл ыраазы.