16 август 2024

Кароолор: 36

ЖАҢЫ КИТЕП ЖАРЫККА ЧЫКТЫ, БЕШИК БООСУ БЕК БОЛСУН.

               Бүгүнкү күн жакшы кабар менен башталды десем да жаңылыштык болбойт. Анткени айылыбыздагы таланттуу келиндерибиздин бири  Турдубүбү Кубатбекованын басмадан жаңы китеби "Жашоо керемети" деген ат менен акын, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, эл аралык бир нече сыйлыктардын лауреаты, обончу, аткаруучу, деги айта берсе жарашкан төрт кырдуу талантын ээси Атантай Акбаровдун ак батасы менен жарык көргөн китебин өмүрлүк жары Эркин экөөсү эгиз козудай ээрчишип алып келишиптир. Чындыгында чоң кубаныч менен кабыл алдым. Ал түгүл коз жүгүртүп окуп чыкканга да үлгүрдүм. Көп ырлары мага тааныш ырлар. Анткени соцсеттерден окуп жүргөм. Акындын ырлары мекен, эне, ата журт, Аксынын керемет кооздугу башкы темасы. Буга чейин да акындын "Сырдашуу", "Сүйөм өмүр" деген эки поэтикалык китеби жарык көргөн. Поэзия айдыңына кеч келсе да элпек, лирикалуу, ой туюмдары терең, тарбиялык мааниси терең ырлары менен окурман журтчулугуна таанымал болуп калган. Мен Аксы районунун Сары Челек айыл аймагына караштуу Авлетим айылынын таланттуу кызына мындан ары да чоң чыгармачылык ийгилик каалайм. Элге жакшы чыгармаларды тартуулап, талыкпай иштей бер демекчимин. Жаңы китебин кут болсун Турдубүбү!