17 декабрь 2024

Кароолор: 17

ЖАҢЫ МЕЧИТ ЖАЙНАМАЗ ЖАЙДЫ

Аксы районундагы Жаңгактуу -Булак айылын кан жолдун боюнда жайгашканы менен айылдан обочороок жайгашып, мындагы эл намаз окугпнга айылдын борбордук мечитине каттап кыйналып келишкен. Мындай түйшүктөн элди Араб мамлекетинин Ихсан Хайрия фондусунун башчысы Магомедов Магомед Мусаевичке кайрылып ал кишинин колдоосу менен Бириккен Араб Эмиратынын Дубай шаарындагы "Мухаммед бин Рашид Аали Мактум" фонду каржылап куткарып, чакан, бардык шарты менен 100 адам намаз окуганга ыңгайлуу мечитти куруп пайдаланууга берди.  Айыли бул күнү Араб эмиратынан келген меймандар менен майрамдашып, Аксы районунун акими Замирбек Сыдыковдун катышуусунда ачылуу аземин өткөрүшүп, жаңы мечитте, жаңы жайнамаздарда биринчи намаздарын окушту. Жаңы мечитиңер куттуу болуп,

Ыймандуу адамдар көп болсун.