13 июль 2024
Кароолор: 17
ЖАҢЫ ӨКҮЛ ТААНЫШТЫРЫЛДЫ

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Текебаев Тилек Кыдырмаевич Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.
Аны 12-июль күнү КРнын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев облустагы мекеме ишканалардын жетекчилеринин катышуусундагы жыйында тааныштырды.
Камчыбек Ташиев жаңы облус башчыны тааныштырып жатып облустун мындан аркы ар тараптуу өнүгүүсү үчүн жогорку деңгээлдеги аракеттерди көрүүнү тапшырды жана ийгиликтерди каалады.
Эскерте кетсек Тилек Текебаев буга чейин Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри болуп иштеп келген.