23 июль 2024
Кароолор: 25
ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫНА БАЛДАР ДАЯР

Областтык “Акыйкат” газетасынын Аксыдагы кабарчысы Абдымомун Калбаевдин демилгеси менен жыл сайын муктаж балдарды жаңы окуу жылына даярдоо боюнча “Кайрымдуулук кылабыз, мектепке барсын балабыз” акциясы өтүп келет. Быйылкы жылда да балдарга жардам иретинде Аксы, Ала- Бука райондорунан 47 окуучу кыздар менен балдарды чакырып, аларга демөөрчүлөрдүн көмөгү менен сумкаларды, окуу куралдары менен, көркөм адабий китептерди тапшырып, кубанычка бөлөдү. Андан сырткары келип кеткен жол акысы жана түшкү тамагына каражат кошуп берилди.
Жаңы окуу жылында жакшы окуп, ийгилик терге жетишүүгө чакырып каалоо тилектер айтылды. Балдарга белектерди тапшыруу аземине Аксы райондук мамалекеттик администрация сынын башчысынын орун басары Айсалкын Салиева, айыл аксакалдары, ата-энелер жана Аксы коллеждинин окутуучулары, Жунай Мавлянов атындагы лицей инновациялык жатып окуучу-мектебинин окуучулары, мугалимдери катышып каалоо тилектерин айтышып, ыр бийлерин тартуулашты. Бул ишке көмөк көрсөткөн баардык демөөрчүлөрүбүзгө терең ыраазычылыктарды билдиребиз.