29 декабрь 2024

Кароолор: 23

ЖАҢЫ СООДА КОМПЛЕКС АЧЫЛДЫ

Аксы районунун борбору Кербен шаарын көрккө бөлөгөн дагы бир жаңы “ЭМИР” соода  комплекси ачылды. Эки кабаттуу бул жаңы соода борборунда жылуу жайда олтуруп чайлашып, биллиард ойноп, андан чыгып азык-түлүк, кийим кече, кыскасы керектүү буюмдарды алып, эс алып да, тамактанып да, соодаңызды бүтөрүп да кеткенге бардык шарттары бар. Соода борборунун ичинде 10 дон ашык соода жайлары жайгашып, соода кылууга бардык шарттары жаратылган.

Соода комплексин элим үчүн бир пайдалуу эмгек кылсам деп тилек кылып, үй-үбллөсү менен эмгектенип, чеке мээнети менен тапкан каражатына курган, жеке ишкер Бакытбек Джумабеков болду. Бакыттын атасы менен апасы да эл кызматында болгон адамдар. Осмонкул ага өткөндөн кийин 11 перзентти эрезеге жеткирип багып чоңойткон Рысбү  эже болду. Бүгүн Рысбү эженин кубанычы чексиз. Ак батасын  балдарына берип, салтанаттын төрүндө олтурду. Салтанатта чыгып сүйлөгөн, аксакалдар, урук туугандар, кудалары, бир туугандар Рысбү эженин кажыбас кайратына, эркине таазим кылышып, Бакыт менен өмүрлүк жары Айзадага  жакшы каалоо тилектерин, ак баталарын ыроолошту. Заманбап салынган бул жай куттуу баяндуу болсун деген ак тилегин билдирген шаарындын тургундары, коноктору ак баталарын берип кайтышты.