26 август 2024
Кароолор: 27
ЖАҢЫ ЖАЙЛУУ БОЛУШТУ

Кыргыз республикасынын министрлер кабинетине караштуу транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агентиктин Аксыдагы бөлүмү жаңы кеңселүү болуп жаңы жайга көчүп чыгышты. Кеңсенин ачылуу аземине Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетине караштуу агенттиктиктин директорунун орун басары Бакыт Шералиев, областтык бөлүмдүн башчысы Медер Богишев, Аксы районунун акиминин биринчи орун басары Бердалы Мырзагулов келип катышып, куттуктоо сөз сүйлөшүп, кеңсенин тасмасын кыркып ачып беришти. Аталган бөлүм мурда үч районду тейлеп келсе, эми Аксы районунун калкан гана тейлейт жана заманбап техникалык каражаттар менен жабылган. Мурда кардарлар банкаларды кыдырып түйшүк тартып келсе эми бул жерге "Кыргыз почтанын" Аксыдагы бөлүмү атайын касса да ачып,эл үчүн шарт жаратып койду, эми бул жерден автотехникаларды мамлекеттик камсыздандыруудан өткөрүүгө да мүмкүнчүлүк ачылды. Ошондой эле айдоочулук күбөлүктү экзамен тапшыруу менен оңой эле алууга боло тургандыгын бөлүмдүн жетекчиси Нурлан Кутманов билдирди. Жаңы конушунар жайлуу болсун!