16 ноябрь 2024
Кароолор: 13
ЖАҢЫ- ЖОЛДО БАЛА БАКЧА АЧЫЛДЫ

Андан ары Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Шакиевдин Аксы районундагы иш сапары Ак-Жол айыл аймагында жыйынтыкталды.
Тагыраагы Төрага аталган айыл аймактын Жаңы-Жол айылына салынган бала бакчанын ачылышына катышты.
Алсак, аталган бала бакчанын курулушу көп убакыттан бери бүткөрүлбөй келген. Натыйжада СASA-1000 долбоору аркылуу курулуш иштери уланып, 100 орундуу бала бакча ишке берилүүдө.
Жергиликтүү эл менен жолугушууда Төрага иш сапарынын алкагында көптөгөн жакшы саамалыктарга күбө болуп жатканын айтып, ачылып жаткан жаңы бала бакча мунун анык мисалы экенин кошумчалады.
“Аксынын Ак-Жол айыл аймагы эзелтен атактуу инсандары, айрыкча чыгармачыл уул-кыздары менен таанылган. “Аккан арыктан суу агат” - дегендей, мындан ары да жаратман элдин ичинен кыргызга кызмат кыла турган жарандар арбын чыгарына терең ишенем. Андыктан, ачылып жаткан бала бакча балдарыбыздын келечегин түптөгөн куттуу жайга айланып, элибиз үчүн эмгектенген кеменгер инсандар өсүп чыккан бала бакча болсун”, - деди Нурланбек Шакиев.