09 май 2024
Кароолор: 25
ЖЕҢИШТИ ЖАРАТКАНДАР ЭСКЕРИЛДИ

Улуу Ата Мекендик согушка катышып өмүрүн эл, жер үчүн өз өмүрүн арнаган эр азаматтарды жалпы элдин катышуусунда эскерүү аземи болду. Кербен шаарындагы Токтогул атындагы гүл багында согуштун катышуучуларвна арналып тургузулган эстеликтин алдында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеӊиштин 79 жылдыгына арналган иш-чарасына Аксы районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-акими Замирбек Сыдыков , Кербен шаарынын вице- мэри Эдилбек Артыкбаев баштаган жетекчилери, аксакалдар менен келишип гүл чамбарларды жана гүлдөрдү коюшту. Көзү өтүп кеткен ыйык аталарыбызды, апаларды эскерип Куран окулду. Эскерүү митингисинде Аксы районунун акими Замирбек Сыдыков, Кербен шаарынын вице- мэри Эдилбек Артыкбаев, райондук ардагерлер кеңешинин төрагасы Абдыкайым Өмүрбеков, Аксы райондук аскер комиссариатынын комиссары М. Саркаров сөз сүйлөп баатыр аталардын басып өткөн жолун эскерип айтышып, элибизге ынтымак,тынччылык, гүлдөп өсүүнү каалашты.