12 ноябрь 2024

Кароолор: 23

ЖЕР АЙДАБАЙ ТҮШҮМ СЕБҮҮ

Аксы районундагы Кош-Дөбө айыл аймагына караштуу Назар-Ата фермердик дыйкан чарбасынын башчысы Эдилбек Раманкулов бул ыкма менен дыйкан чарбанын жерине, ал түгүл элдин үлүш жерин арендага алып да быйылкы жылда 80 гектар аянтка "Стекловидная-24" сортундагы 1--репродукциядагы сыноодон өткөн түшүмдүү буудайдын  үрөнүн Чүй облусундагы үрөөнчүлүк  "Золотой колос" кооперативинен  алып келип себишүүдө. Бир эле учурда 1 гектар аянтка 220 килограммдан үрөн, азык зат үчүн 100 килограммдан аммофост азот-фосфордук азык кошо сееп жатышат. Бул урөндүн тез өнүп чыгышына жана жердин кыртышынын  катып кетпей жумшак турушуна шарт түзмөкчү. 

      Үстүбүздөгү жылда райондо 189 гектар аянтка үрөн себүү пландаштырылган болсо учурда 154 гектар аянтка үрөн себилип, үрөн себүү иши кызуу жүрүп жатат. Фонддун агроному Уларбек Ботокараев менен долбоордун координатору Мырзамидин Мамадиевдин билдиргенине караганда бул дыйкандар үчүн чоң эле жардам, жана ишенимдүү түшүм алуунун булагы.