06 октябрь 2024

Кароолор: 52

ЖЕРДЕШИБИЗ ЖЕҢҮҮЧҮ

Аксы районунудагы Кош-Дөбө айылынын тургуну Оморжан уулу Нуралы Ташкент шаарында өткөн Кикбоксинг боюнча эл аралык Дүйнөлүк чемпионатта     алтын медалын жана Дүйнөлүк кубокту жеңип алууга татыктуу болду. Мелдешке дүйнөнүн 36 өлкөсүнөн 3 минге жакын спорттун мыктылары катышты. Алардын ичинен 63 килограммга чейинки салмактагылардын ичинен Нуралы жеңүүчү болгондугу элибизди чон кубанычка бөлөдү. 

Чемпионду 4-октябрь күнү  жердештери чоң салтанат менен тосуп алышты. Нуралыга Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Нурзат Багышбекованын  атынан 10 миң сом сыйлык жана Ардак Громатасы тапшыруу менен ак калпагын кийгизип ак чепкен жаап тосуп алышты. Ошондой эле айылдаштары, тууган урктары, классташтары алдына ат тартуулап, чон кубанычка бөлөштү. Нуралы Оморжан уулу буга чейин да бир нече мелдештердин жеңүучүсү болуп келген. Атап айтканда  2022-жылы Москва шаарында өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун эл аралык чемпионатынын жеңүүчүсү болгон болсо, эки жыл катары менен  Профессионалдар арасында өткөн эл аралык турнирлердин жеңуучусу 2022 -2023-жылдары кикбоксингдин Rage arena FKR PRO түрү боюнча жеңүүчүсү аталган.

Нуралы Оморжан уулу учурда Чек ара кызматында кызмат кылып келет. Нуралыга  мындан ары да чоң ийгиликтерди жаратып, элибиздин намысын коргоп, туусун желбирете беришин каалайбыз.