19 апрель 2024
Кароолор: 228
ЖЕРДЕШИБИЗДИН СЫЙЛЫГЫ СЫЙМЫКТАНДЫРАТ

“Манас Улуттук театрын” ачып жатып Президент Садыр Жапаров театрдын ачылышынын урматына манасчы, төкмө, дастанчы, жазма акын, обончу, акындык мектептин устаты Элмирбек Иманалиевге Кыргыз Республикасынын Баатыры наамын ыйгарганы жөнүндөгү Указын айтканда эл абдан кубануу менен кабыл алып дүркүрөтө кол чаап турушту.
Театрдын башка бир топ өнөр адамдарына да мамлекеттик сыйлыктар, ардактуу наамдар, грамота лар тапшырылды. Алардын катарында жердешибиз Үч-Коргон айылынын тургуну төкмө акын Изат Айдаркулова да бар. Изат президенттин Ардак Грамотасын алууга татыктуу болду. Эл аралык айтыштардын жеңүүчүсү , таланттуу кызыбыз, төкмө акын Изат Айдавркулованы бул Жогорку сыйлыгы менен чын дилден куттуктайбыз. Ошондой эле Мансчы Рысбай Исаков Кыргыз Эл артисти болду, сүйүнүп кетип Акматбек Султан, Баян Акматов КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер наамын, дастанчы Улукбек Токтоболот уулу президенттин ардак грамотасы= менен сыйланышты.