30 июль 2024

Кароолор: 27

ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШТИН ДЕПУТАТТАРЫ ТАРКАЙТ

Президент Садыр Жапаров «Административдик-аймактык реформанын алкагында Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамга кол койду.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2024-жылдын 20-июнунда кабыл алынган

Мыйзам пилоттук режимде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жер мамилелерин жөнгө салуу, муниципалдык ишканаларды түзүү жаатындагы ичүүчү суу менен камсыздоо системасын комплекстүү тейлөө жана өнүктүрүү, жайыт жерлерин натыйжалуу башкаруу жана калктуу пункттарда тазалыкты камсыз кылуу компетенциясын тактайт.

Ошондой эле кабыл алынган мыйзамда айыл аймактардын жана шаарлардын деңгээлинде административдик-аймактык түзүлүштүн жалпы түзүмүн жана кайра уюштурууга алып келүүчү тиешелүү административдик-аймактык бирдиктердин чектеринин өзгөрүшүнө байланыштуу жергиликтүү кеңештин депутаттарынын статусун өзгөртүү жана ыйгарым укуктарын токтотуу маселелери такталды. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү беш жылга чейин узартылды.

Көрсөтүлгөн маселелерди ишке ашыруу максатында сунушталган мыйзам Кыргыз Республикасынын Граждандык, Жер, Турак жай жана Бюджеттик кодекстерине, «Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө», «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө», «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө», «Жайыттар жөнүндө», «Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө», «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө», «Борбордун статусу жөнүндө», «Ош шаарынын статусу жөнүндө», «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» жана «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципивлдык кызмат жөнүндө” мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүунү карайт.

Кабыл алынган мыйзам күчүнө кириши менен жергиликтүү кеңештер кайра уюштурууга алып келүүчү тиешелүү административдик-аймактык бирдиктердин чектеринин өзгөрүшүнө байланыштуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде административдик-аймактык түзүлүштүн жалпы түзүмүнүн өзгөрүшүнө байланыштуу таркатылууга тийиш деп белгиленген.