08 июнь 2024

Кароолор: 21

ЖЕРИБИЗ ТАЗА-ПЕЙЛИБИЗ КЕНЕН БОЛСУН!

Жаз өтүп жай кадамын таштаган ушул мезгилде кереметтүу Аксы жергесине сапар алып, жаратылыштын сулуулугуна суктанып, Сары-Челек, Падыша-Атада эс алууга келгендердин саны күн санап артып жаткан учур. Жерибиздин көркүн арттырган бул тазалык. Бүгүн Аксы району боюнча ишембилик өтүп жатат. Бул ишке Үч-Коргон, Кош-Дөбө айыл аймактарынын эли, жаштар жан жабыла чыгып, райондун ичиндеги трассалардын бойлорун тазалашып, мекеме-ишканалардын алдыларын тазалап, таштандылардан арылтууда. Өзгөчө Сары-Челек, Ак-Жол, Кара-Камыш айыл аймактарында жол жээктерин тазалоо иштери жүрүп , бул ишке техникалар да тартылып, 10 тоннага жакын таштандылар чыгарылды. Ишембилик Кербен шаардык мэриясынын аймагында да уюшкандыкта өтүп жатат. Сен таза болсоң ,мен таза болсом, коом да таза болот деген Искак Раззаков атанын сөзү керемет сөз түбөлүк жашай бермекчи. Андыктан ар бирибиз тазалык үчүн күрөшөлү. Жерибиз таза, элибиз кең пейил, суубуз тунук, жаратылышыбыз көрктүү болсун.