28 май 2024
Кароолор: 17
ЖЕРИНДЕ КӨРҮП ТАПШЫРМА БЕРДИ

Президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев Аксыдагы селдин кесепеттерин жеринен көрүп, абалды жөнгө салуу боюнча тийиштүү тапшырмаларды берди.
2024-жылдын 25-май күнү саат 19:00 чамасында катуу жааган жамгырдын кесепети нен улам Аксы районунун Кара-Камыш айыл өкмөтүнүн Кезарт сайынан түшкөн сел суулар №12 ЖТИнин балансындагы Кара-Жыгач-Кызыл-Көл жолунун 6-чакырымында авто көпүрөнүн түбүнө батпай ашып, жолго сел калдыктарын үйүп, жол каттамы жабылган. Ошондой эле Кезарттан түшкөн сел калдык тары Кара-Суу дарыясын бөгөп, суунун деңгээ ли көтөрүлүп, сол жээгин жеп турак жайларга кооптуулук жаралып, жергиликтүү ЖК кызматтары тарабынан 64 үй-бүлө коопсуз жайга убактылуу эвакуцияланган. Абал менен Абсаттар Сыргабаев жеринен таанышты.