07 июль 2024
Кароолор: 29
ЖОГОРКУ КЕҢЕШТИН ДЕПУТАТЫ ЭЛ МЕНЕН

Бүгүн, 6-июлда Кыргыз Республика сынын Жогорку Кеңешинин депутаты Гүлшар кан Култаева Кербен шаарынын активдери менен жолукту.
Мугалимдердин эмгеги эбегейсиз зор экендигин баса белгилеп, билимдүү жаштарды тарбиялоого кошкон салымдары үчүн терең ыраазычылык билдирип, Жогорку Кеңештин Ардак грамотасы менен сыйлады. Ошондой эле шаар мэрин шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы, ошондой эле жигердүү коомдук ишмердиги үчүн Жогорку Кеңештин Ардак грамотасы жана төш белгисин менен сыйлады. Кийинки иш сапары Кербен шаарынын Ак-Дөбө айылындагы "Арча-Бешик" мектепке чейинки билим берүү уюмунун эмгек жамааты менен жолугуп, жакынкы күнү курула турган бала-бакчанын долбоору менен таанышып, жакындан колдоо көрсөтөрүн билдирди.