Вакансиялар

Аксы районунда гидропоникалык тоют өндүрүү боюнча окуу-семинар өткөрүлдү


Акыркы күн  
Квалификациялык талаптар  

2025-жылдын 4-декабрында Аксы районунун мамлекеттик администрациясынын демилгеси менен Аксы райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы жана Аксы райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын биргелешкен демилгеси менен атайын окуу-семинар уюштурулду. Иш-чаранын максаты — райондо социалдык контракт алган жарандарга арзан жана топураксыз шартта өстүрүлүүчү, малга сиңимдүүлүгү жогору болгон гидропоникалык тоют өндүрүүнү үйрөтүү жана жайылтуу.

Гидропоникалык ыкма мал чарбасында сүт жана эт өндүрүүнү жогорулатууга чоң мүмкүнчүлүк түзөрү айтылып, катышуучуларга анын артыкчылыктары, өндүрүү технологиясы жана практикалык колдонулушу боюнча кеңири маалымат берилди.

Семинарга айыл өкмөт башчылары, мал чарба жана социалдык адистер, ошондой эле социалдык контракт алган жарандар катышып, жаңы технологияны өз ишинде колдонууга кызыгууларын билдиришти.

Иш-чаранын соңунда катышуучулар суроо-жооп форматында тажрыйба алмашып, гидропоникалык тоют өндүрүүнү жайылтуу боюнча кийинки кадамдар талкууланды.