Вакансиялар
Аксыда 40-бала бакча пайдаланууга берилди
Акыркы күн
Квалификациялык талаптар
Бүгүн 2025-жылдын 23-сентябрь күнү Аксы районунун Кара-Камыш айыл аймагына караштуу Кара-Суу айылындагы Эркиналы Четинбаев атындагы №40 мектепке чейинки билим берүү уюму пайдаланууга берилди.
Иш-чарага Аксы районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы- аким Максатбек Саргазаков, райондук жетекчилер жана айыл өкмөт кызматкерлери, жергиликтүү тургундар катышышты.
Бул имарат 1989-жылы “Актилек” балдар бакчасы болуп салынып, 1989-2003-жылы “Актилек” балдар бакчасы Э.Четинбаев атындагы башталгыч мектеби болуп аталган. 2005-2006-окуу жылында №58 Э.Четинбаев негизги орто мектеби болуп аталган, 2006-2007-окуу жылында Э.Четинбаев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектеп болгон.
Эркиналы Четинбаев атындагы орто мектебинин эшик, терезе, чатырын алмаштыруу үчүн дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинин 2,7 млн сом, жергиликтүү бюджеттен 500 миң сом жалпы 3,2 млн сом акча каражаты жумшалды.
Эскерте кетсек, район аймагында 64 мектеп, 1 жеке менчик мектеп, 38 бала бакча, 1 жеке менчик бала бакча болгон болсо, бул бала бакча 40-болуп пайдаланууга берилди.


